Turmush — «ОшТВ» телеканалы муниципалдык мекеме болуп түзүлдү. Аталган телеканалды муниципалдык мекеме катары түзүү тууралуу маселе 2025-жылдын 16-апрелинде Ош шаардык кеңеши тарабынан колдоо тапты.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов Turmush басылмасына билдиргендей, телеканал муниципалдык мекеме болуу менен бирге чарбалык жагын да өзү алып кетет.
«ОшТВ» телеканалын муниципалдык мекеме кылып түзүү тууралуу токтом долбоору колдоо тапты. «ОшТВ» муниципалдык чарбалык мекеме болуп калды. Телеканал өздөрү жарнама жана башка нерселерден акча тапса да болот. Мэрия дагы субсидия бөлүп бере алат», - деди Баетов.
-
Буга чейин «ОшТВ» ЖЧКнын ээси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болчу. Андан кийин телеканал Ош мэриясынын карамагына өткөн.
-
Ош шаарынын 2025-жылдагы бюджетинен (3 млрд 425 млн 313 миң сом) «ОшТВ» телеканалына субсидия катары 2 млн сом бөлүнгөн.
-------------------------------------------------------------
Буга чейин Turmush 2022-жылы 10-февралда Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында «ОшТВ» телеканалын муниципалдык менчикке өткөрүү маселеси каралганын жазган.
Ошол учурдагы вице-мэр Марс Исаев «Ош ТВ» телеканалын Ош мэриясына өткөрүү боюнча Министрлер кабинетинин токтому чыкканын, бирок ал өткөрүү жараяны Ош шаардык кеңешинин макулдугу менен гана болушу керектигин билдирген болчу.
«Мамлекеттик жана муниципалдык органдар жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө жарандардын маалыматтуулугун жогорулатуу максатында «ОшТВ» телеканалын Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү маселеси боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына кат жолдогон. Ал жакта бул маселе колдоо таап, токтом чыккан. Бирок мыйзамдын талабында Ош шаардык кеңешинин макулдугу менен гана өткөрүлсүн деген жери бар экен. Ошондуктан бул маселени койдук. Бул чын-чынына келгенде 30 жылдан бери иштеп келе жаткан чоң телеканал», - деген Исаев.
34 депутат «ОшТВ» телеканалын Ош шаардык мэриясынын карамагына өткөрүп берүүнү колдоого алышса, 4 депутат каршы добуш берген.